Кансыз согуш учурунда пайда болгон эбегейсиз кубаттуу курал. Тарыхый видео

Советтер Союзунда водороддук бомбанын пайда болушу дүйнөдөгү күчтөрдүн теңдештигин өзгөрттү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кансыз согуш күчөп турган маалда, 61 жыл мурда Советтер Союзу куралдарынын ичинде водороддук бомба да бар экендигин дүйнөгө жар салган. Бул тууралуу видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Буга чейин америкалыктар өздөрүн куралдын бул түрү боюнча монополист деп эсептеп келишкен.
Уникалдуу бомбаны иштеп чыккандардын ичинде сыр болуп ачыкк чыкпай келген СССРдин академиги Андрей Сахаров болгон. Мындай эмгеги үчүн ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган.
Советтер Союзунда водороддук бомбанын пайда болушу дүйнөдөгү күчтөрдүн теңдештигин өзгөрттү. Бул кырдаал бардыгын өзөктүк куралды жасоонун артынан сая түшүүгө мажбурлады.
Тынчтык максатта жасалган 30 килотонналык жардыруу. Видео