БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Израилдин түштүк райондору Газа тараптан жасалган жапырт аткылоого кабылганын РИА Новости израилдик "12-каналга" шилтеме берип жазды.
Анда баш-аягы болуп 50 ракета кое берилгени айтылган.
Социалдык тармакка жарыяланган видеодо израилдик ракетанын кол салуусунан коргонуучу системасы снаряддарды тосуп калып жатканы тартылган.
Бүгүн Израилдин коргонуу армиясынын Газа тилкесинин чек арасына жакын эл жашаган аймактарда абадан кол салуу кооптуулугуна даярдык көргөндүгү кабарланган. Кечээ еврей мамлекетинин коргоо министри Йоав Галант элге кайрылып, Газадагы ыкчамдатылып жасалган согуштук аракеттердин этабы аяктагандыгын билдирген. Анклавдын түштүк тарабындагу согуштун жакында бүтөрү тууралуу да маалымдаган.
Галант Газа тилкесин Израилге кооптуулук жаратпаган күчтөргө негизделген палестин өкмөтү башкарышы керектигин кошумчалаган.