"Энурез диагнозу айына эки жолудан ашык эрксиз заара чыгаруу көйгөйү менен жабыркаган чоңдорго жана беш жаштан ашкан балдарга коюлат. Төрт жашка чейин заара бөлүп чыгаруучу функцияны көзөмөлдөөчү мээдеги борборлор толук калыптана элек болот. Ошондуктан бул процессти бала дайым эле башкара албай калат. 4-5 жашка чейин төшөккө сийип коюу нормалдуу көрүнүш деп эсептелет. Бала кичинекей кезинде энурез менен жабыркаса, ал эми өспүрүм куракта оору өзүнөн өзү өтүп кетет. Бирок энурез болгон баланын өзүнө болгон баасына, ата-эне жана теңтуштары менен болгон мамилесине олуттуу таасирин тийгизет. Ошондуктан заараны кармай албай калууну 6-7 жаштан баштап дарылоо сунушталат. Энурездин пайда болуусуна борбордук нерв системасынын бузулушу, полиурия (зааранын көп бөлүнүп чыгуусу), сийдик бөлүп чыгаруу системанын оорулары, стресс, катуу уктап калуу да себеп болот. Ошондой эле балага памперсти 6-7 жашка чейин кийгизүү энурезди пайда кылат. Бул көйгөйгө эртерээк көңүл бурууну сунуштайм. Анткени заараны кармай албагандыктан балада сийдик-жыныс системасынын оорулары жана психологиялык көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн", — деди Орозбаев.