Радио

ЕАЭБде бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү ишкердик чөйрө үчүн пайдалуу

Бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев ЕАЭБдин алкагында ишкерлердин укугун коргоо, бизнестин дараметин жогорулатуу үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун түптөлүшүнө биримдиктеги өлкөлөр кызыкдар экендигин айтты.
Sputnik
Евразиялык экономикалык биримдикте бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү ишкердик чөйрө үчүн жагымдуу климат жаратат. Бул биримдиктин рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуда бизнеске стимул берерин Нурлан Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чек арада жаралган ишкерлердин маселелери, текшерүү, салык иштериндеги бизнестин кызыкчылыгы корголушу керек.
"Буга чейин Садыр Жапаров ЕАЭБде бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштаган. Негизинен институттун түптөлүшү ишкердик чөйрөгө көп жагынан пайдалуу болмок. Бул биримдиктин рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуда бизнеске стимул берет. Болгону буга саясий эрк керек деп ойлойм. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү, уюмдагы тоскоолдуктарды жоюуга багытталган иштер жүрүп келет. Мисалы, кыргыз-казак чек арасына байланышкан көйгөйлөр бар. Аларды чечүүдө бизнес-омбудсмендин орду билинмек. ЕАЭБдин алкагында ишкерлердин укугун коргоо, бизнестин дараметин жогорулатуу үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун түптөлүшүнө биримдиктеги өлкөлөр да кызыкдар", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле адис Кыргызстандын бизнес-акыйкатчы институту жобого ылайык тышкы иштерге аралаша албай тургандыгын кошумчалады.