Азия кубогу: Кыргызстан алгачкы беттешинде Таиландга утулуп калды

Улуттук команда мында жеңилгенине карабай плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготпойт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогундагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
1 / 2

Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогундагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты

2 / 2

Беттеш Катарда Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо өттү

Оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды. Атаандаштар эки таймда бирден топ киргизүүгө жетишти.
Беттеш Катарда Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо өттү.
Кыргызстан мында жеңилгенине карабай плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготпойт. Алдыда тайпалык этаптын эки оюну бар, Сауд Арабия менен Оманга каршы беттешет. 1/8 финалына ар бир тайпадан экиден мыкты команда чыгат. Ошондой эле 6 тайпанын ичинен үчүнчү орунду алган 4 мыкты команда дагы жолдомо алат.
"Ак шумкарлар" 2019-жылы Азия кубогуна алгачкы ирет катышканда биринчи, экинчи оюндарында жеңилип, үчүнчүсүн жеңген. Муну менен үчүнчү орунду ээлеп, улуттук команда плей-оффто ойногон.
Айпери Медет кызы Zagreb Open эл аралык турниринен алтын утту