Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7 пайызга кыскарды

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7 пайызга азайып 91,6 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
"Ошол эле учурда жумушсуз жүрүп ишке орношкондордун саны 6 пайызга өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматтары бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген. Жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайызга төмөн", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,8 пайызды түзгөн. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайызга төмөн.
Радио
2023-жылдын беш айында 63 миӊдей жаӊы жумуш орундары түзүлдү