Садыр Жапаров издөөдөгү Имамидин Ташов, депутат Эмил Жамгырчиев тууралуу айтты

Мамлекет башчысы "Кабар" агенттигине кезектеги маегин курган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соңку маегинде мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп изделип жаткан "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов жана активист Тилекмат Күрөңов тууралуу пикирин билдирди.
Ага нааразылык акциясына чыккандарга соодагерлерди үчүнчү күчтөр пайдаланып кетет деп эскерткенин эске салып, "Ташов менен Күрөңов туурасында "Дордойдо" кеп болду беле?" деген суроо узаткан.
"Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин караламан калктын ишеничин акташыбыз керек", — деген Жапаров.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев туурасында төмөнкүлөрдү айтты.
"Ал жигиттин (Жамгырчиев - ред.) Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, Салимбай байбача аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайын кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун", — деп айткан.
Садыр Жапаров: башаламандык уюштуруу үчүн эл топтогондорго жооп катуу болот