Жалал-Абадда ишкер аялды тоноп, өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалды. Видео

Шектүүлөр үйгө киргенден кийин колго түшүрүлгөн. Алардын келерин милиция алдын ала билип күтүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда ишкер аялды тоноп, өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, укук коргоо органдарына январь айында Жалал-Абад облусундагы шаарлардын биринде ишкерлик менен алектенген аялды буйрутма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
"Кылмышты уюштура турган киши жанына тааныштарынан, мурда соттолгондордун арасынан шерик издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерине ишендирген", — деп айтылат маалыматта.
"Шектүүлөр ишкердин үйүнө кол салууга 13-январда киришкен. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул ишти алдын ала билгендиктен кылмыш жасоого аракет кылгандарды үйгө кирген убакта атайын операция менен колго түшүргөн", — деп жазылат кабарда.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36, 122-беренесинин 10-бөлүмү боюнча ("Киши өлтүрүүгө даярдануу") кылмыш иши козголгон. Кылмыштын 59 жаштагы уюштуруучусу мурда соттолгону айтылды. Учурда бул иштин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Бычак кезеп коркуткан. Түптө ишкердин үйүн карактагандар кармалды. Видео