Садыр Жапаров: башаламандык уюштуруу үчүн эл топтогондорго жооп катуу болот

Жапаров бийликке келгиси келгендер шайлоого катышуусу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кимде-ким өлкөдө башаламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо жооп катуу болот. Андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирген.
Президентке журналист "бийликти күч менен алмаштырууга негиз барбы" деген суроо узаткан.
"Мурда өлкө башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу. Клан-клан, жердешчилик кылып, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп элди иренжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Мурдагыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коет. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат. Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп жатасыздар", — деген Жапаров.
Ал башаламандык уюштурам деген максатта эл топтой тургандар катуу жазаланарын белгилеген.
"Андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Мурдагылардай аларды эркелетип олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен келе бергиле демекчимин", — деди мамлекет башчы.
УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялады