Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президентин кабыл алды. Сүрөт

Жолугушууда биргелешкен долбоорлор, инвестициялар, каржылоо, банктык мамилелер жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бүгүн, 15-декабрда, президент Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда биргелешкен долбоорлор, инвестициялар, каржылоо, банктык мамилелер жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Ошондой эле Садыр Жапаров 29-30-январда Брюсселде өтө турган, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Инвесторлор форуму Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгилеген.
1 / 2

Жолугушууда биргелешкен долбоорлор, инвестициялар, каржылоо, банктык мамилелер жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды

2 / 2

Ошондой эле Садыр Жапаров 29-30-январда Брюсселде өтө турган, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Инвесторлор форуму Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгилеген

“Кыргызстандагы адам укуктарын талкуулоодо мамлекет башчысы активдүү жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана интернетке чектөөсүз кирүүнү белгилеп, онлайн-мейкиндиктеги ишенимдүү маалыматтын маанилүүлүгүн айтты”, — деп жазылган билдирүүдө.
Маргаритис Скинас өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирген. Мындан тышкары, анын Кыргызстанга болгон сапары климаттык долбоорлорго, транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерине багытталганын белгилеген.
Садыр Жапаров: башаламандык уюштуруу үчүн эл топтогондорго жооп катуу болот