Эки айда 251 менчик клиника айыпка жыгылды. Себеби

Жалпысынан 600дөн ашык медициналык жай текшерилгени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында 251 менчик клиникага 1,5 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, эки айда Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда 626 менчик клиника текшерилип, 216сынын медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы жок болуп чыккан. Анын негизинде 251 медициналык борборго 1,5 миллион сом айып пул салынган. Осмонов рейд уланып жатканын айтты.
Оору көбөйүүдө. Депутат косметологиялык салондорду текшерүүнү сунуштады