Узаган жылдын 10 айында мигранттар Кыргызстанга 1,8 млрд. доллар которду

Бул сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 934 миллион долларга аз.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Узаган жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 803 миллион 110 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.
Бул маалымат жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу түшкөн каражаты боюнча алынган. Негизги бөлүгү же 1 миллиард 642,6 миллион доллары Россиядан которулган.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 737,8 миллион доллар келип түшкөн. Демек, былтыр сумма 934 миллионго азайган. Мурдагы жылы которулган акчалардын көрсөткүчү рекорд жараткан болчу.
Бул акча которууларды “мигранттар жөнөттү” деп атоо салтка айланып калган, бирок мында башка транзакциялар да эске алынат. Каражат ар кайсы валютада келгени менен эсептөөдө доллар эквиваленти менен көрсөтүлөт.
Кыргызстанга которулган акчанын 90%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет