Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин кеңсеси Киев бийлиги чатактын токтошуна каршы экенин билдирди

Андрей Ермак АКШнын Конгресси Украинага акча бөлүп берерине "үмүт кылып жана ишенерин" билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина бийлиги чатакты токтото турууга каршы экендигин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент (Владимир Зеленский – ред.) жана анын командасы, биз, чатакты токтото туруу боюнча макулдук берген эмеспиз. Бул украин коомчулугу, президент жана анын командасы үчүн кабыл албай турган нерсе", — деген Ермак Давосто берген маалымат жыйынында.
Анын сүйлөгөнүн Дүйнөлүк экономикалык форумдун сайты аркылуу түз алып көрсөтүшкөн.
Ермак АКШнын Конгресси Украинага баары бир акча бөлүп берерине Киевдин "үмүт кылып жана ишенерин" айткан. "Европалык достор менен кесиптештерден" мурда айтылган 50 миллиард долларды "жакшы маанай" менен күтүп жатышканын билдирип, союздаштардын колдоосу, жардамы уланат деген үмүтү бар экенин кошумчалаган.
Буга чейин Украина ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба союздаштар Киевден чатакты токтото туруу боюнча Россия менен сүйлөшүүнү суранбагандыгын айткан.
Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Путин Россия Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпагандыгын айткан. Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Кийинчерээк Путин эгерде Украина диалогду кааласа, анда артисттик кылбай Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керектигин дагы бир ирет баса белгилеген. Анын айтымында, Россия Украинадагы чатактын тынчтык жолу менен басылышына каршы болгон эмес, бирок мында РФтин коопсуздук кепилдиги сакталышы керек.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Ал атайын операция Россиянын "башкача кылганга (Батыш — ред.) ылаажы калтырбагандан кийинки аргасыздан жасаган кадамы" экенин айткан. "Коопсуздук жаатында башкача жол менен реакция кылууга мүмкүн эмес болгонун" белгилеген.
Путиндин айтымында, Москванын НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу 30 жылдан бери сүйлөшүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпай, калп сөзгө, басымга, опузалоого кабылып келет. Ал арада альянс эскертүүлөргө карабай Россиянын чек арасына жакындагандан жакындоодо.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Россия менен чатагы боюнча күтүүсүз билдирүүсү