Казакстанда кумарканалар жабылып, 400дөй киши кармалды. Видео

Уюштуруучулардын биринин эле банк эсебине айына 900 миллион теңге ($2 млн) түшүп турган. VIP-кардарларга интим кызматтары да көрсөтүлүп келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен атайын операциясы өткөн аптанын аягында мыйзамсыз онлайн-казинонун катышуучуларын массалык түрдө кармоо менен аяктады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Polisia.kz. сайтына таянып кабарлады.
Ага ылайык, бул онлайн-казинолор лото-клубдун атына жамынып иштеп жүргөн. Атайын операцияга эки күч түзүмүнүн үч миңден ашуун кызматкери тартылып, алар казинонун сегиз уюштуруучусун кармаган, арасында чет элдиктер да бар. Жалпысынан 400 адам полицияга жеткирилген.
Уюштуруучулардын биринин эле банк эсебине айына 900 миллион теңге (2 миллион доллар) түшүп турганы, VIP-кардарларга интим кызматтары да көрсөтүлгөнү кошумчаланды.
"Өлкө боюнча 570 объект тинтүүгө алынып, 23 ок атуучу курал, 247 миллион теңге, 55 миллион рубль, 125 миң доллар алынган", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада 326 лото-клубдун иши токтотулган. Ошондой эле чет өлкөдөн Казакстанда онлайн-казинолорду трансляциялаган серверлердин иши бөгөттөлгөнү белгиленди.
Казиного барган кыргызстандыктарды түрмөгө отургузуу сунушталды