Өткөн айда чет жактагы 19 мекендеш каза болуп, сөөгү алып келинди

Италия, АКШ жана Түркияда оор абалда жаткан кыргызстандыктарга мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Узаган жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө жүргөн 19 кыргызстандык каза болуп, сөөгү мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги бир айлык отчетунда билдирди.
Бул сандар элчиликтер сөөктү жөнөтүүгө жардам берген учурларда эсептелинген. Ошондой эле оор абалда жаткан үч бейтапка Италиядан, АКШдан жана Түркиядан мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, консулдук кызматкерлер Иран, Казакстан, Кытай жана Россияда 23 жарандын соттук отурумуна катышкан. Аны менен катар 64 кыргызстандык административдик, үчөө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, укук бузган сегизинин жазасы жеңилдетилгени белгиленди. Бул иштер дипломаттардын көмөгү менен жасалган.
Чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктардын ыкчам телефон номерлери