Шаардык сот Чынтемир Аширалиевди өмүр бою абакка кесүү чечимин күчүндө калтырды

Айыпкер соттон аны өмүр бою эркинен ажыратпай, белгилүү мөөнөт берүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык соту эне-балдарды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Бүгүнкү соттук отурумда кылмышкердин райондук соттун өкүмүнө карата даттануусу канааттандырылган жок.
Эске салсак, 2023-жылдын февраль айында 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Октябрь райондук соту айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок айыпталуучу мындай чечимге нааразы болуп шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Шаардык соттогу отурум 15-январда өтүп, Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратпай белгилүү мөөнөт берүүнү суранган.
Эне-балдардын өлүмү. Адвокат айыпкер Аширалиевди актоого аракет кылды