Бишкектеги эне-балдардын өлүмү. Аширалиев балдарды өлтүрбөгөнүн айтты

Айыпталуучу соттон аны өмүр бою эркинен ажыратпай белгилүү мөөнөт берүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызынын өлүмү боюнча териштирүү иштери уланууда.
Айыпталуучу Чынтемир Аширалиев балдарды өлтүрбөгөнүн айтууда. Ошол эле учурда Алтынайды өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин билдирген.
"Менин божомолум боюнча, өлүп калган баланы көргөндөн кийин Алтынайды өлтүрсөм керек. Сайкал (аялдын кызы — ред.) энесине каршылык көрсөтүп терезеден секирип кеткен. Мени өмүр бою эркимден ажыратпай 13, 15, 20 жыл дегендей белгилүү мөөнөт берүүңүздөрдү суранам", — деди Аширалиев.
Айыпталуучу мындан кийин башка көрсөтмө берди. Аширалиев Канзаманованы кызы өлтүрүп, өзү терезеден секирип кетиши мүмкүн экенин айтты. Ал эми баланы энеси өлтүргөн болушу ыктымал деп белгилеген. Ал ошондой эле маркум аял менен жакын мамиледе болбогонун жана андан акча албаганын кошумчалаган.
Маркумдун бир тууганы Марс Канзаманов күбө катары суралган. Анын айтымында, Канзаманова кызын абдан жакшы көрчү, окуядан бир жума мурда ага IPhone 14 жана бриллиант сөйкө белекке берген.
"Эжем балдарын жакшы көрчү. Алар менен чет өлкөгө эс алууга барып турчу. Өлөр алдында жаңы батир алуу үчүн варианттарды караштырып жаткан. Азыр ал акча эч жерде жок. Эжем кымбат автоунаа сатып алганда Аширалиев "сен айдаганды билбейсиң" деп өзүнүн аялына берип койгонун уккам", — деди Марс Канзаманов.
Айыпталуучунун адвокаты соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү суранган. Бирок шаардык сот баш тартты. Анткени биринчи инстанция Аширалиевди акыл-эси ордунда деп тапкан.
Прокурор болсо Аширалиевге райондук соттун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырууну сурап жатат.
Эске салсак, 2023-жылдын февраль айында 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Октябрь райондук соту айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Эне-балдардын өлүмү. Адвокат айыпкер Аширалиевди актоого аракет кылды