16-январга карата аба ырайы

16-январга караган түнү айрым жерлерде коюу туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 16-январь, шейшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -4...+1, Талас аймагында 0...-5ке чейин, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө -2...+3, Ысык-Көл облусунда 0...+5 градуска чейин жылуу болсо, Нарында -5...-10 градус суук болот.
Борбор калаада эртең менен туман түшүп -5...-7 градус суук болсо, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болору айтылды.
Айдоочуларга эскертүү. Январдын аягына чейин рейд жүрөт