Радио

Өлкөдө кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке орноштурган 156 агенттик бар

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова чет өлкөгө кыска мөөнөткө эмгек миграциясына чыккандардын саны өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда 156 жеке агенттик жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштурууда. Бул тууралуу Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандарды алдап, көп айлык сунуштап ишке орноштурган алдамчы тараптар да көбөйүп жатат.
"Өткөн жылы 13 миӊден ашык жаран чет мамлекетте ишке орноштурулду. 2022-жылга салыштырмалуу бул сан өскөн. Көбү Улуу Британия, Корея, Россия, Германияга барып келүүдө. Кыргызстандыктар өзгөчө кыска мөөнөттүү, сезондук айыл чарба багытындагы иштерге барууда. Министрликте Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору иш алып барып, мыйзамдуу түрдө жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп, эмгек миграциясына жиберип жатат. Мындан тышкары, чет өлкөгө жумушка орноштурган 156 жеке агенттик иш алып барат. Тилекке каршы, социалдык тармактар аркылуу алдап, көп айлык сунуштап ишке орноштурган алдамчы тараптар да көбөйүүдө. Агенттиктин лицензиясын сурап, ишмердүүлүгүнүн чын-төгүнүн migrant.kg сайты аркылуу текшерип алуу керек", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис кыска мөөнөттүү эмгек миграциясы үй-бүлө институтуна кедергисин тийгизбей тургандыгын кошумчалады.