БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Машыктыруучунун сунушу менен гормоналдык терапия алып жүргөн спортчулар кийин ата боло албай калышы мүмкүн деген кептин чын-бышыгын кыргызстандык уролог Игорь Князев түшүндүрүп берди.
Ал Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде тестостерон гормонунун иштеши биринчи кезекте нерв системасынан көз каранды экенин айтты. Ага уйкуну кандыруу, тамактануу, стресс жана сексуалдык активдүүлүк факторлору таасир этет.
"Эркекте бул факторлор нормада болсо мээси ФСГ жана ЛГ гормондорун жетиштүү деңгээлде иштеп чыгат. Алар жыныс бездерине тестостерон гормону менен эркектик уруктардын иштелип чыгышына жардам берет. Эгер машыктыруучу спортчуга ченемден тыш эле тестостерон пайда кылчу препараттарды бере берсе мээси жогорудагы эки гормонду иштеп чыкпай калып, кыска убакытта эле өзүнөн тестостерону менен уругун чыгара албай калат", — деди дарыгер.
Адис эркектерге гормоналдык терапия дарыгердин тыкыр көзөмөлү менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
"Аталган терапиянын эркектерге кийин зыяны тийип калбашы үчүн ХГЧ гормонун дагы жазышат. Ооба, бул боюнда бар аялдын гормону, бирок ал ЛГ менен ФСГ гормонунун да милдетин аткарат", — деди Князев.
Дарыгер мындай учурда эркектин урук бездери дагы кичирейбей, өзүнүн тестостерону иштелип чыгып, балалуу боло аларын кошумчалады.