Салык кызматы салык төлөөчүнүн карызы тууралуу билдирүүнү "жеке кабинетине" жибере баштайт. Бул тууралуу Саламат Журсунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн Cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетинен карызы бар-жогун өз алдынча текшере алышат.
"Салык төлөөчүнүн карызы болсо, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө жөнүндө билдирүү салык төлөөчүнүн "жеке кабинетине" жиберилет. Билдирүү электрондук түрдө жөнөтүлгөндөн кийин салык төлөөчү өзүнүн жеке салык кабинетине кирип же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып беш календардык күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет. Карызды ыктыярдуу түрдө төлөө үчүн кабарлоо жиберилген учурдан тартып 15 календардык күн берилет. Белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюп же толук эмес төлөсө мыйзамга ылайык карыздын суммасын өндүрүп алууга туура келет. Акча салык төлөөчүнүн банк эсебинен өндүрүлүп, салык постун орнотуу, чыгууга чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын алуу чаралары көрүлөт", — деди Журсунбеков.
Ал салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн туум эсептебөө үчүн салык төлөөчүлөрдү өзүнүн жеке салык кабинетин дайыма текшерип турууга чакырды.