Кыргызстан менен Казакстан чек арага соода-логистикалык комплекс ачат

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Жолкартасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлө турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан чек арага өнөр жай соода-логистикалык комплексин ачууну макулдашышты. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрдин орун басары Санжарбек Болотов коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун акиминин орун басары Канатбек Мадибек жетектеген делегация менен жолуккан.
Анын жүрүшүндө “Ак-Тилек” (кыргыз тарабы) жана “Кара-Суу” (казак тарабы) автожол постторунун аймагында логистикалык комплекс түзүү жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча негизги маселелер талкууланган.
“Эки тарап тең бул долбоордун соода жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөкчү фактор катары маанилүүлүгүн баса белгилешти”, — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада долбоорду ишке ашыруу үчүн Жолкартасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышкан.
"Кыргыз алтын" менен россиялык компания Балыкчыга логистикалык борбор ачат