Айыл чарба министрлиги быйыл картошка менен төө буурчакты азыраак эгүүгө үндөдү

Анын ордуна кант кызылчасын өстүрүү сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өкмөт башчынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөрдү.
Анда анын орун басары Маил Алиаскаров быйылкыга пландар тууралуу маалымат берген.
“Ысык-Көл облусунда картошка, Талас облусунда төө буурчак айдалган аянттарды кыскартып, кант кызылчасын отургузуу зарыл. Натыйжа болушу үчүн жайыт чөптөрүнүн уруктары себилген жайыттардын аймагын тосуу керек”, — деди Алиаскаров.
Кыргызстан ар түрдүү баалоолордо кумшекер менен өзүн-өзү 50-80 пайызга камсыздайт. Калган керектөө импорттун эсебинен жабылат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы кант кызылчасын эки облуста (Чүй менен Талас) өстүрүшкөн. 2022-жылы аталган өсүмдүк Ысык-Көлдүн Түп районунда дагы жети гектар жерге эгилген.
Картошка өстүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин алдыңкы үчтүгүндө