Азаматтар! Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

Өлкө атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш, 13 коло медаль жеңип алышты. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Олимпиада 8-13-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу барган. Ал эми Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышкан.
Сынактан байге алган окуучулардын аты-жөнү жана алар окуган мектептин аталышы министрликтин сайтына жарыяланды.
Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команданын курамы үч математик, эки физик, эки информатик жана эки менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңди