Бишкекте жол кире 15-январдан тарта көтөрүлбөй калды. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Эртеңден тарта Бишкекте жол кире көтөрүлбөйт.
Калаа мэриясы тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калганын билдирди. Ал бекитилгенден 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Токтом качан кабыл алынары белгисиз.
Муниципалитет буга чейин 15-январда жол акысы төмөнкүдөй болорун айткан:
накталай — 20 сом;
накталай эмес төлөм (“Тулпар” картасы) — 17 сом;
мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин (Megapay) колдонуу менен — 11 сом.
Мындай тарифтерди 27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши бекитип берген.
Мэр Бишкекте жол киренин кантип аныкталганын түшүндүрдү