Трамп: дүйнө эч качан үчүнчү дүйнөлүк согушка мынчалык жакындаган эмес

Республикачыл саясатчынын баамында, президент Жо Байдендин тушунда АКШ “алсыз жана эффекти жок мамлекетке” айланды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Дүйнө буга чейин эч качан үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына мынчалык жакындаган эмес. Бул туурасында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал жаңжалды болтурбай коюуга дарамети жетерин ишенимдүү түрдө айтты.
“Азыркыдай үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу жаралган учур буга чейин болгон эмес деп ойлойм. Мен ар дайым айтып келгендей эле, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбай коё алам, мен ал адамдардын баарын билем”, — деди Трамп Айова штатындагы тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Республикачыл саясатчынын баамында, анын ордуна келген президент Жо Байдендин тушунда АКШ дүйнөлүк аренада анын пикири менен эсептешпей турган “алсыз жана эффекти жок мамлекетке” айланды.
Трамп президент болуп калса АКШнын тарыхында ири депортация болорун айтты