БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Япония элчилиги Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин NIKKENSEI жана KYOKENSEI өкмөттүк стипендиялык 2024-жылкы программаларына арыздарды кабыл алууда. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.
NIKKENSEI — Япониядагы япон тили жана маданияты боюнча студенттер үчүн окуу программасы. Бул программа боюнча тапшыра тургандар КР жарандыгын алган жана биринчи адистиги катары япон тили же япон маданияты менен байланышкан адистикте окуган университеттин студенттери болушу керек.
KYOKENSEI — башталгыч жана орто билим берүүчү мекемелерде жана педагогикалык окуу жайларында (университеттерден тышкары) иштеген мугалимдер үчүн "Японияда окуу" программасы.
Арыздарды 12-февраль саат 17:00гө чейин тапшыруу керектиги айтылды. Толугураак маалымат алуу үчүн Япония элчилигинин сайтына кирүү керек. Ал жакта окууга тапшырууну каалагандар үчүн коюлган талаптар, арыз толтуруу жол-жобосу жазылган.