Улуттук банктын резерви дээрлик рекорддук көрсөткүчкө жетти

Азыркы көлөм тарыхта экинчи рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын соңуна карата Улуттук банктын эл аралык валюта (алтын-валюта) резерви 3 миллиард 236,5 миллион долларды көрсөттү. Декабрда ал 174,5 миллионго көбөйгөн.
Азыркы көлөм тарыхта экинчи рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Эң жогоркусу 2021-жылдын сентябрында катталып, анда 3,2 миллиард доллардан ашкан.
Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Жаңы 200, 500 жана 1000 сомдуктар "Жылдын банкнотасы" сынагынын лауреаты болду