Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кырдаал оор. Украинада фронттогу абалдан улам коңгуроо кагылууда

Украинанын Куралдуу күчтөрү мурун пилотсуз учактарына таянып келсе, эми Россиянын дрондору согуш талаасында көптүк кылып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн фронттогу абалы оор. Бул тууралуу "Прямой" телеканалына берген маегинде Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактары жана жер которгон адамдардын маселеси боюнча министрдин мурдагы орун басары Георгий Тука билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жалпысынан кырдаал оор. Кийинки жылы Крымды басып алып, дагы бир жылдан кийин Москваны алабыз деп айтууга негиз жок", — деген Тука.
Анын айтымында, фронттун айрым багыттарында абал курч бойдон калууда. Украинанын Куралдуу күчтөрү мурун пилотсуз учактарына таянып келсе, эми Россиянын дрондору согуш талаасында үстөмдүк кылууда.
Ошондой эле саясатчы Киевдин Батыштагы союздаштары Россиянын дрондорун жок кылуу үчүн радиоэлектрондук каражаттарын сунуштаарынан күмөнү бар экенин айткан.
Россиянын президенти Владимир Путин ушул аптада Хабаровскиде Ыраакы Чыгыштын ишкерлери менен жолугушууда орус армиясы атайын аскердик операция өткөрүлө турган аймакта дрондорду натыйжалуу колдонуп жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевге түшкөн курал-жарак көзөмөлдөнбөй калган. АКШ министрлигинин билдирүүсү