Аялын жигиттер менен тааныштырып, аларды кайра тоноп жүргөн киши кармалды

Шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары укук коргоо органдарынын тизмесине илинген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Женго каймана ат менен таанылган Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн А.у.Н. жубайы менен алдын ала сүйлөшүп алып, "бирөөнү ыңгайсыз абалга салуу" менен алектенишкен.

"Тагыраагы, А. аттуу аял күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен социалдык тармак аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, жашыруун жолугушууга макулдашкан. Кийин А.у.Н. өзүн кызганчаак адам катары көрсөтүп, коркутуу жана опузалоо менен жаш жигиттерден акча талап кылып жүргөн. 9-январда А.у.Н. ушундай эле жол менен А.Н. аттуу киши менен жолугуп, аны сабап, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, 100 миң сом акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш УКМКга белгилүү болуп, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Опузалап акча талап кылуу жана сабоо") боюнча кылмыш иши козголуп, А.Н. 12-январда Кызыл-Кыя шаарындагы "Алия" кафесинен колго түшүрүлгөн. Анын буга чейин бир нече жолу соттолуп чыкканы маалым болду.
"Мындан тышкары, шектүү ишкерлерден опузалап акча талап кылуу менен алектенген. Буга чейин Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын тизмесине илинген", — деп жазылат кабарда.
Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканы айтылды.
ЖАК Женго каза болду деген маалыматты төгүндөдү