"Референдумга Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мыйзам, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер коюлушу мүмкүн. Анын бир гана мааниде колдонула тургандай түшүндүрмөсү болушу шарт. Референдумга коюлушу мүмкүн эмес болгон маселелер тизмектелген. Алар: согуш жана тынчтык; президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу; мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү же шайлоону жылдыруу; салык, жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана аларды төлөөдөн бошотуу; тарифтер жөнүндө; мамлекеттин светтик мүнөзүн, унитардыгын жана аймактык бүтүндүгүн өзгөртүү; администрациялык-аймактык түзүлүшү жана чек аралары; аскердик же өзгөчө абал киргизүү; республикалык бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү; мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан мунапыс жана ырайым кылуу. Анткени бул маселелер президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан жөндөлөт. Эл президент же депутатка добуш берип жатканда мына ушул стратегиялык, өтө маанилүү ыйгарым укуктарды берет. Ошондуктан элдин атынан ушул эки институт чечим чыгарат", — деди Эргешбаева.