ӨКМ 3 800 бийиктикте калган россиялык альпинистке жардам берди. Видео

Альпинист учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары мөңгүдө калган россиялык альпинистке жардам беришкенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, окуя 12-январь күнү болгон. Анда ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалып, Ак-Сай капчыгайындагы "Хижина Рацека" жайында россиялык альпинист бутунан жаракат алганын айтышкан.

"ӨКМдин куткаруучулары жерине саат 13:30да тик учак менен барып катуу шамалда "Рацек" мөңгүсүнөн ары 3 800 бийиктиктеги туристти алып кетишкен", — деп айтылат малыматта.

Альпинист учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.
Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырды. Видео