Радио

Кёрлинг менен машыгууну каалагандардын саны өстү

Кёрлинг боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Айбек Асаналиев жакынкы жылдарда өлкөнүн кёрлинг улуттук курамасы ири мелдештерде атаандаштыкка туруштук бере баштай тургандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын кёрлинг боюнча курама командасы эл аралык ири мелдештерге катыша баштады. Буга чейин дүйнө чемпионатына тандап алуу бөлүгүндө күчтүү курамалар менен ойноп, тажрыйба топтоп келгенин Айбек Асаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кёрлинг боюнча өлкө аймагында балдар фестивалын, турнирлерди уюштуруунун натыйжасында машыгууну каалагандардын саны өсүп, кызыккандар көбөйдү.

"Кыргызстанда кёрлинг 2014-жылдан баштап ойнолуп, өнүгүү жолуна түштү. Федерациянын президенти Тынчтыкбек Саматов Олимпиаданын программасына кирген кышкы спортту биринчилерден болуп өлкөгө алып келип, команда түптөп, аракеттер башталган. Учурда улуттук курама команда негизделип, эл аралык мелдештерге катышып, окуу-машыгуу жыйындарын Россияда, Казакстанда өткөрүп келет. Буга чейин дүйнө чемпионатына тандап алуу бөлүгүндө күчтүү курамалар менен ойноп, тажрыйба топтоп келди. Жыл сайын өлкө аймагында балдар фестивалы, турнирлер уюштурулуп, натыйжада машыгууну каалагандардын саны өсүп, кызыккандар көбөйдү. Мындай темп менен арышыбызды улай берсек жакынкы жылдарда ири мелдештерде атаандаштыкка туруштук бере баштайбыз", — деди Асаналиев.

Ошондой эле адис кёрлинг менен жаш курагына карабай бардык адам машыгып, жакшы жыйынтыктарга жете аларын кошумчалады.