БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ИИМ криптовалюта менен иштеген кыргызстандыктарга кайрылды.
Министрлик шылуундардын кылтагына илинип калбаш үчүн эмне кылуу керектигин белгилеп, кеңеш айтты.
"Акча салардан мурда компания тууралуу маалыматты караган оң. Интернеттен уюмдун жана криптовалютанын атын издегенде "шылуун", "даттануу" деген сөздөрдү кошуп издөө керек", — деп жазылат эскертүүдө.
Алдамчылыктын белгилери:
кыска мөөнөттө каржы жаатында көз карандылыктан арылтууну убадалайт;
кепилденген киреше менен ири төлөмдөрдү сунушташат;
аракет же инвестиция жок эле пайда табууну убадалайт;
ийне-жибине чейин түшүндүрбөй эле курулай билдирүүлөрдү жасашат.
ИИМ минтип убада берген компаниялардан алыс болууга чакырды. Ошондой эле укмуш кирешелерди убада кылган долбоорлордон да этият болууну эскертти. Мындай схемадан инвестицияны алып салуу дээрлик мүмкүн эмес.