Бишкекте үч күн Ирандын кинолору коюлат. Кирүү акысыз

Иш-чаранын расмий ачылышында "Үмүт периштеси" аттуу тасма тартууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте 23-25-январь күндөрү Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чараны аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги менен Кинематография департаменти биргеликте маданият жана кинематография тармагындагы кызматташтыктын алкагында уюштурууда. Бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдары тартылган Ирандын түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларын көрө алышат.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө "Манас" кинотеатрынын чоң залында болуп, "Үмүт периштеси" аттуу картина тартууланат.
Министрлик кинолордун программасын жакында жарыялай турганын кошумчалады.
Радио
Режиссер: кыргыз тасмалары түрлүү жанрда тартыла баштады