Канайым Айгүл Жапарова БАЭге барып, коомдук фонддордун жетекчилиги менен жолукту

Биринчи айым коомдук фонддун жетекчилери менен Кыргызстанда үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укугун коргоо жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Канайым Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) барып, аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу канайымдын социалдык тармактагы баракчасында жазылган.
1 / 4

Канайым Айгүл Жапарова Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) барып, аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

2 / 4

Айгүл Жапарова Жалпы аялдар союзунун (General Women Union) башкы катчысы Нура Аль-Сувейди, Эне жана бала иштери боюнча жогорку кеңештин (Supreme Council for Motherhood and Childhood) башкы директору Рим Аль-Фаласи менен жолугушуп, Кыргызстанда үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укугун коргоо, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтүү боюнча аталган уюмдар менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

3 / 4

Канайым БАЭнин биринчи айымы Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин (Fatima bint Mohammed bin Zayed Initiative) аткаруучу директору Фаршеид Жабархил менен да кезигип, Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашкан

4 / 4

Сапардын алкагында "Эне-балага тирек" коомдук фонду менен Женевадагы Educators Without Boarders International (Чек арасыз педагогдор) уюмунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганы кошумчаланды

"Айгүл Жапарова Жалпы аялдар союзунун (General Women Union) башкы катчысы Нура Аль-Сувейди, Эне жана бала иштери боюнча жогорку кеңештин (Supreme Council for Motherhood and Childhood) башкы директору Рим Аль-Фаласи менен жолугушуп, Кыргызстанда үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укугун коргоо, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтүү боюнча аталган уюмдар менен кызматташтыктын келечегин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Канайым БАЭнин биринчи айымы Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин (Fatima bint Mohammed bin Zayed Initiative) аткаруучу директору Фаршеид Жабархил менен да кезигип, Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашкан.
Сапардын алкагында "Эне-балага тирек" коомдук фонду менен Женевадагы Educators Without Boarders International (Чек арасыз педагогдор) уюмунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганы кошумчаланды.
Кыргызстанда оор кырдаалга кабылган 186 бала фостердик үй-бүлөлөргө берилген