"Түндүк" өз ара аракеттенүү системасы маалымат алмашуунуну камсыз кылат. Бүгүнкү күндө система 1 миллиарддан ашык транзакцияны айлантып жатканын Чыңгыз Аманатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Түндүктүн" бирдиктүү идентификациялоо системасы да жарандын санарип документтерин колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп, коопсуздукту камсыз кылып берет.
"Түндүк" мамлекеттик мекемеси техникалык оператор катары иш алып барат, ал эми система маалымат алмашуунуну камсыз кылат. Бүгүнкү күндө система 1 миллиарддан ашык транзакцияны айлантып жатат. Ага мамлекеттик органдар, жеке мекемелер, уюмдар, банктар кирип, маалыматтарды коопсуз жана жеңил алмашат. Буга чейин жаран ар бир документти тиешелүү органга барып, анан алган. Өкмөттүн санариптештирүү саясатынын негизинде учурда бул багытта чоң иш жасалып, жыйынтык жакшы болуп жатат. Мындан тышкары, "Түндүк" бирдиктүү идентификациялоо системасын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын ишке ашырып келет. Бул багытта да кадамдар илгерилеп жатат. Алсак, "Түндүк" мобилдик тиркемесин 1,2 миллион жаран көчүрүп алып, кызматтарды санариптик түрдө алууда", — деди Аманатов.
Ошондой эле адис 2024-жылы санариптик негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты дагы жакшыра тургандыгын кошумчалады.