Ташиев Баткенде Ятимов менен жолугуп чек ара маселесин талкуулады

Баткенде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн, 12-январда, Баткенде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чечиле элек аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларга караштуу жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн жандантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришкен. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү белгиленди.
Кыргыз делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов
Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын билдирди