БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайдагы (Баткен облусу) 23 жаштагы келиндин өлүмү боюнча үн катып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыз-келиндерге кайрылды.
"Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Урматтуу кыз-келиндер, эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине барыңыздар. Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз. Эне бар, үй-бүлө бар, мекенибиз болот!" — деп жазган ал.
Эске салсак, Баткен облусунун Кадамжай районунда муунтулган келиндин сөөгү көчөдөн табылып, кылмышка жолдошу шектелип жатат. Милициянын маалыматына караганда, жубайлар уруша кеткенде күйөөсү аялын муунтуп салган. Милиция текшере келгенде маркумдун мойнунан колдун издери аныкталган.