"Салык чек" лотереясынын ордуна башка акция уюштурулмай болду

Жаңы акциянын шарттары жакынкы аралыкта элге кабарланат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы соңуна чыкты. Анын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Салык чек" тиркемесин кассалык чектерди сканерлөө үчүн колдонуу улантылат. Бирок мурдагыдай лотерея оюну уюштурулбайт.
"Жакынкы арада Салык кызматы жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттарын жана байгелердин тизмесин сунуштайт", — деп айтылат.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2 376 баалуу байге ойнотулган. Ичинде 10 батир, 20 электромобиль жана чет өлкөгө алты жолдомо болду.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Бишкектен батир утуп алгандар аныкталды