Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиевге жолукту

Сыдыков былтыр майда "Манас айылынын" айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болгонун баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, алар улуттук баалуулуктар жана “Манас” дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлашышкан.

“Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым”, - деген Сыдыков.

Мындан сырткары, Ташиев буга чейин эстелик коюлбаган Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абадга Манас баатырдын эстелигин курууну колдоп, иш баштала турганын айткан.
Эске сала кетсек, Сыдыков былтыр майда "Манас айылынын" айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Анда өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айткан.
Ага чейин жаңы Ак үй салуу үчүн "Манас айылынын" 5 сотых жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок аталган комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго "Манас айылын" реконструкциялоо долбоору көрсөтүлгөн.
Эки балалуу болгуча паспорт албай жүргөн. Ташиев суранычын аткарды