Радио

Былтыр кызамык менен ооругандардын саны 7000ге чукулдады

Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызамык менен ооругандардын көбөйүшүнүн себептерине токтолду.
Sputnik
2023-жылы кызамык менен ооругандардын саны 7000ге чукулдады. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр 17 миңден ашуун ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан.
"Кызамык — бул өтө коркунучтуу жана жугуштуу инфекция. Кызамыкта мурун агып, адам алсырап, дене бою, баш ооруп, температура 40 градуска чейин көтөрүлүп, 5-6 күндөн кийин териге исиркектер чыга баштайт. Кызамык мээни сезгентип, майып кылып, ал тургай өлүмгө дагы алып келүүчү дарт. 2023-жылы республикада алты бала бул оорудан каза болду. Эмдөө – кызамык оорусун алдын алуунун натыйжалуу жолу. Бирок, тилекке каршы, андан баш тарткандар көбөйүүдө. Кызамык дал ушул вакцинадан баш тарткандардын арасында күч алды. Баш тарткандардын саны жыл сайын өсүп жатканы кырдаалды курчутууда. Маселен, СССР убагында эмдөө алгандардын саны 95 пайызга жетсе, азыр бул көрсөткүч 85-89 пайызга чейин төмөндөдү. Бул кызамык, көк жөтөл, сенек, гепатит жана башка көптөгөн коркунучтуу ооруларга каршы жамааттык иммунитетке чоң таасирин тийгизет. Эл бул илдеттер менен оорубай калса эле азыр эмдөөнүн эффективдүүлүгүнөн күмөн саноодо", — деди Ишенапысова.
Ал балдарды өз убагында эмдетүү зарыл экенин айтып, вакцина алуу акысыз экенин эскертти.