БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан сыртка 73 миң 905 баш ири мүйүздүү мал экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Улуттук статистика комитетинин акыркы жылга болгон маалыматын анализдей турган болсок, 2023-жылы ири мүйүздүү малды экспорттоо рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын июль айынан 2021-жылга чейин малды сыртка чыгарууга тыюу салынган.
Улуттук статистика комитетинин жылдар боюнча статистикасы:
2022 — 20 173;
2021 — 3 217;
2020 — 10 939;
2019 — 1 372;
2018 — 1 149.
Малды сыртка сатуу көрсөткүчү эмнеден улам өсүп жатканы айтылган эмес.