БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Сочи жана Краснодар шаарларында мекендештерге көчмө консулдук кызматтар көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер 12-13-14-январь күндөрү жарандарга паспорт алуу, айдоочулук күбөлүктөрүн тариздөө жана башка консулдук кызматтар боюнча жардам беришет.
Жарандарды кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
12-13-январда Краснодар шаары, Красный Партизан көчөсү, 32-үй, 4-кабат. Краснодар шаарындагы ардактуу консулдун жардамчысы Ткачев Николай: +7 (988) 245 43 02;
14-январда Сочи шаары, Киров көчөсү, 46. Сочи шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Аргымбаева Айкан: +7 (988) 286 51 20.
Элчилик Краснодар крайында жана Сочи шаарында жашаган Кыргызстандын жарандарына, алардын туугандарына жана жакындарына пландалган көчмө консулдук кызмат жөнүндө кабарлоону суранат.