БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте "акылдуу жол чырактар" (жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы) орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай система жол тыгынын жоюуга көмөктөшүп, автоунаалар көбөйүп кеткенде кыймылды өзү башкарып турат. Электр жарыгы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетери айтылды.
"Долбоор буга чейин Токомбаев, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган. Биринчи этапта борбор калаанын 21 жол кесилишине, андан кийин 100 жол кесилишине датчиктер орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
"Акылдуу жол чырактын" биринчиси Абдрахманов — Медеров көчөлөрүнүн кесилишине коюлары белгиленди. Долбоор 1-февралда ишке кирери күтүлүүдө.