АКШ менен союздаштары Йеменге сокку уруп, хуситтер ага жооп кыларын айтышты

Байден хуситтерге чабуул эл аралык кеме кыймылынын эркин катташына келтирилген кооптуулук үчүн жасалганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жумага караган түнү АКШ союздаштары менен биргеликте Йемендеги "Ансар Алла" (хуситтер) тобуна чабуул койду.
Сана (Йемендин борбору) шаарындагы жергиликтүү бийликтин маалымат булактары РИА Новостиге эл аралык аэропорттогу Ад-Длейми аба базасы төрт ирет аткылоого алынганын, сегизи Ходейда аэропортуна жасалганын билдиришти. Мындан сырткары, аталган топтун казармаларына да сокку урулган.
Дагы башка сегиз чабуул Йемендин түштүк-батышындагы Таиз шаарынын Аль-Жанд районунда жайгашкан механизациялаштырылган 22-бригадага, Аль-Хавбан аймагындагы аэропортко, дагы үчөө Кэлен аталышындагы аскердик лагерге жасалган.
АКШнын президенти Жозеф Байден хуситтерге бул чабуул эл аралык кеме кыймылынын эркин катташына келтирилген коркунуч үчүн жана аскерлердин коопсуздугун сактоо максатында коюлганын айткан.
Хуситтер америкалык жана британиялык аскер базалары менен объектилерге жооп иретинде чабуул болоруна убада беришти. Йемендин түндүгү менен борбордук бөлүгүндөгү "Ансар Алла" (хуситтер) тобу АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун "баасы жогору" болорун айтты.
"Өлкөбүз массалык агрессиялуу чабуулга кабылды, аны америкалык жана британиялык кемелерден, суу алдындагы кайыктардан жана аскердик учактардан жасашты. Эми Америка менен Улуу Британия бул массалык бомбалоосу, үрөй учурган агрессиясынын кесепети үчүн өтө жогору баада энчисин алат", — деп жазган Х социалдык тармагына "Ансар Алла" өкмөтүндөгү тышкы иштер министри Хусейн аль-Эззи.
"Согуш күчөсө дейт". АКШнын Жакынкы Чыгыштагы келерки кадамы тууралуу айтышты