Тыныбекова Zagreb Open турниринде соңку секундада жеңишти илип кетти

Кыргызстандык балбан мурда да килем үстүндө күч сынашкан япониялык спортчу менен беттешти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open рейтингдик турниринде япониялык Сакура Мотоки менен беттешип, соңку секундаларда жеңишти багындырды. Муну менен ал турнирдин финалына чыкты.
Мотоки менен кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын финалында да кез келип, Тыныбекова аны жеңип алган.
Бул жарым финалдын жүрүшүндө Тыныбекова 0:3 эсебинде атаандашынан артта болчу. Бирок акыркы секундаларда жасаган аракети утуш алып келди.
Zagreb Open рейтингдик турниринин финалына чейин Айсулуу Тыныбекова россиялык балбан Алина Касабиева менен АКШ спортчусу Диана Нвачуквуну жеңген.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде эки кыргызстандык балбан кыз 1-сапка чыкты