Акылбек Жапаров өкмөттүн быйыл аткара турган иштерин тизмектеди

Өкмөт башчы учурда курулуш жана тигүү тармагында квалификациялуу жумушчу күч жетишсиз болуп жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен жыйын куруп, өкмөттүн быйылкы жылдагы негизги милдеттерине токтолду. Иш-чара тууралуу маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен жыйын куруп, өкмөттүн быйылкы жылдагы негизги милдеттерине токтолду

2 / 3

Анын айтымында, 2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүлүп, "кирип келген жыл бардык жагынан бурулуш болушу керек"

3 / 3

Өкмөт башчы кечээ Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына үч жыл толгонун, бул убакыт аралыгында көп иштер аткарылып, азыр жыйынтыгы чыгып жатканын билдирген

Анын айтымында, 2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүлүп, "кирип келген жыл бардык жагынан бурулуш болушу керек".
Өкмөт башчы кечээ Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына үч жыл толгонун, бул убакыт аралыгында көп иштер аткарылып, азыр жыйынтыгы чыгып жатканын билдирген.
"Жаңы өндүрүштөрдү түзүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жаңы тоо-кен долбоорлорун ачуу, темир жол жана ири гидроэнергетикалык объектилердин курулушун баштоо 2024-жылга белгиленген тапшырмаларды жана максаттарды ишке ашырууну тездетет. Жакынкы арада быйыл ишке кирүүгө тийиш болгон 100 ири өнөр жай объектинин тизмеси бекитилет", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле учурда курулуш жана тигүү тармагында квалификациялуу жумушчу күч жетишсиз болуп жатканын кошумчалаган.
"Көптөгөн тигүү ишканалары чет элдик жумушчу күчүн тартат жана тартууга аргасыз, ошол эле учурда биздин жарандар өлкөнүн сыртында эмгек миграциясында жүрүшөт. Ошондуктан бул маселе бардык мамлекеттик органдар үчүн приоритеттүү болушу керек", — деген Жапаров.
Жыйын соңунда өкмөт башчы Улуттук статистика комитетине республикадагы жумушсуздуктун деңгээлин эсептөө методологиясын кайра карап чыгуу, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу механизмин сунуштоо жана 2024-жылга жумуш орундарын түзүү боюнча жол картасын даярдоо тапшырмасын берди.
Төрөбаев быйыл суу аз болорун айтып, акимдерге бир топ тапшырма берди