БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп эгерде алдыда турган шайлоодо жеңип бийлик башына келсе, Американын тарыхында болуп көрбөгөндөй депортация кыларын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биздин мамлекеттин тарыхында депортациялоо жаатында бир топ ири аракеттер болот", — деген Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.
Ал бүгүнкү күндө АКШда мыйзамсыз миллиондогон мигрант жүргөнүн белгилеген.
"Нью-Йоркто кадимки эле студенттерди айдап жиберип, ордуна мигранттарды алып жаткандарын көрдүңөрбү? Биз алардын ар бирин келген жагына кайтарабыз", — деген саясатчы.
Буга чейин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон президент Жозеф Байдендин учурунда Американын чек арасынан жети миллиондон ашык адам мыйзамсыз өткөнүн айткан.
Fox News Бажы чек ара кызматындагы маалымат булагына таянып, АКШда Мексика тараптан мыйзамсыз кирген мигранттар 2023-жылдын декабрына карата 302 миң адамдан ашканын билдирген. Бул тарыхта болуп көрбөгөн рекорд экенин айтышкан.