БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Штаттардын азыркы башчысы Жозеф Байденди эки сөздүн башын кошо албайт деп сындап, Россия жана Кытай лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпинди өтө акылдуу адамдар деп мактаганын РИА Новости жазды.
"Ал эки сөздүн башын кошо албайт дагы, бизди Путин, Си жана ушундай акылдуу адамдар менен өзөктүк куралданууда чогуу элестетет", — деген Трамп Fox News телеканалында сүйлөп жатып.
Экс-президент мамлекет башчыларын акылдуу деп айтканда ЖМКлар аларды жек көрүшөрүн белгилеген.
"Уруксат этсеңер, силерге айта кетейин, алар өтө акылдуу жана өтө куу", — деп кошумчалаган Трамп.